Пекинде Олимпиада отунун эстафетасы башталды

 Пекинде Олимпиада отунун эстафетасы башталды

Пекинде 2022-жылкы Кышкы оюндардын  отунун  эстафетасы башталды.  Салтанаттуу азем Кытайдын борборунун парктарынын биринде өттү.

Пандемияга байланыштуу уюштуруучулар эстафетанын маршрутун жана узактыгын кыскартууга аргасыз болушкан. Ал көрүүчүлөрсүз өтүп,  жана анын сахналары эл көп жүргөн көчөлөрдөн алыс жайгашкан.

Отту жалпысынан миңден ашык адам алып барат. Ал үч олимпиадалык кластерлерди кыдырып, 4-февралда Оюндардын ачылыш аземи боло турган «Куш уясы» улуттук стадионуна келет.

Ал эми Кыргызстандан  лыжачы Максим Гордеев Кытайда өтө турчу XXIV Кышкы Олимпиада оюндарына   жолдомо алган.  Ал бүгүн  Кытайга жөнөп кетет. Бул тууралуу журналисттерге Улуттук Олимпиада комитетинен маалымдашты.

Жанылыктар