Пекинде Кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. 37 медаль менен Норвегия  алдыга чыкты

 Пекинде Кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. 37 медаль менен Норвегия  алдыга чыкты

Кечээ, 20-февралда Кытайдын борбор калаасындагы Улуттук стадиондо XXIV Кышкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи өттү. Аны  Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах жабык деп жарыялап, оту өчүргөнүн  РИА Новости кабарлады.

Дүйнөлүк масштаптагы спорттук иш-чарада  медаль саны боюнча алдыңкы ондукту төмөнкү өлкөнүн спортчулары ээлеген:

Норвегия — 37 (16 алтын, 8 күмүш, 13 коло);

Германия — 27 (12-10-5);

Кытай — 15 (9-4-2);

АКШ — 25 (8-10-7);

Швеция — 18 (8-5-5);

Нидерланд — 17 (8-5-4);

Австрия — 18 (7-7-4);

Швейцария — 14 (7-2-5);

Россия — 32 (6-12-14);

Франция — 14 (5-7-2).

Келээрки оюндар 2026-жылы Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт.

Жанылыктар