Пекин: XXIV кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февраль күндөрү өтөт

Кытайда өтө турган XXIV кышкы Олимпиада оюндарынын датасы такталды. Ал Пекинде ушул жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин, Паралимпиада 4-13-мартта өтөт. Олимпиада оюндарынын натыйжалуу жана коопсуз өтүшүнө кепилдик берерин өлкө төрагасы Си Цзинпинь «Давостук күн тартиби» виртуалдык талкууда билдирди.
«Пекинде кышкы олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндар башталуу алдында турат. Кытай дүйнөгө үнөмдүү, коопсуз жана кооз олимпиадалык оюндарын көрсөтө аларына ишенет», — деди Си Цзинпинь.
Бирок, Пекинде кар аз жааганына байланыштуу айрым мелдештер Янцинь менен Чжанцзякоу шаарларында болот.
Олимпиадалык оюнда спорттун 15 түрүнөн мелдештер орун алат. Анын ичинде жыл сайын өтүп келген лыжа тебүү, муз үстүндө бийлөө, хоккей сыяктуу салттуу оюндар бар. Андан тышкары аялдар арасында бобслей, аялдар жана эркектер арасында биг-эйр фристайлы, шок-трек аралаш эстафетасы, лыжа менен трамплинден секирүү, акробатика, сноуборд-кросс аттуу жети спорттук оюн да киргизилди.
Буга чейин, сарпталуучу сумма 3,9 миллиард доллар деп жарыяланган. Оюндарды өткөрүүгө Пекинде 2008-жылы жайкы олимпиада убагында салынган объектилер пайдаланылат. Ал эми ачылыш жана жабылыш салтанаты «Куш уясы» стадионунда болот.