Паспортуна кирүү штампы жасалма басылган жаран кармалды

Паспортуна кирүү штампы жасалма басылган жаран кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
“Паспортуна «кирүү» деген штампты жасалма басып, “Чоң-Капка-унажолу” өткөрүү пунктундан Казакстанга өтүүгө аракет кылган, Өзбекстандын 1984-жылы туулган Г.Ф.Ш. аттуу жараны кармалды”,-деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факты боюнча “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.