Паспорт алып берүү өтүнүчү менен президентке кайрылган жарандын тилеги орундалды

 Паспорт алып берүү өтүнүчү менен президентке кайрылган жарандын тилеги орундалды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 24 жылдан бери Казакстанда иштөөгө мажбур болгон жана өздүгүн тастыктоочу документтери жок Ош облусунун тургуну Санжарбек Кадыровду кабыл алды. 

Жолугушууда УКМК төрагасы Санжарбек Кадыровго ID-карта жана жалпы жарандык паспортун тапшырды.

Белгилесек, ушул жылдын 20-октябрында Кадыров президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жолдоп, ага Кыргызстандын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

1998-жылы Санжарбек Кадыровдун ата-энеси ажырашып, атасы 3 баласын Казакстанга айыл чарба жумуштарына алып кеткен. Казакстанда С.Кадыров документинин жоктугунан мектепке барбай, талаада айыл чарба иштери менен алектенип жүргөн.

Санжарбек Кадыровдун айтымында, 2015-жылдан бери ал Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна бир нече жолу барган, бирок Кыргызстандын улуттук паспортун документтештирүү аракеттеринен майнап чыккан эмес.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар