Парламенттин 100 жылдык мааракесин өткөрүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев 30-марттагы жыйында быйыл 4-июнда парламенттин 100 жылдыгын мааракелик деңгээлде белгилөөнү сунуштады.
Ал мындан 100 жыл мурун Кыргыз Республикасынын түптөөчүлөрү Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков жана башкалар тарабынан 1922-жылы 4-июнда съезд өткөрүлгөнүн эске салды. Ага 416 делегат, 11 улут катышып, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү түптөлгөн күн болгонун айтты.
«Быйыл бул күндү юбилейлик иш-чара катары өткөрсөк деп ойлойм. Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнүн эң биринчи кадамдары болгон күндү белгилөө керек», — деди Медер Алиев.
4-июнь парламентаризм күнү болуп бекитилген.
Баардык укуктары корголгон. oshtv.kg сайтында жайгаштырылган материалдар жеке тараптын колдонуусу үчүн гана. Сайттагы материалдарды колдонгонго, көчүргөнгө, жайгаштырганга жана жайылтууга макулдашуусуз уруксат берилбейт. Колдонулган материалдарга шилтеме сөзсүз болушу зарыл. ОшТВ телерадиокомпаниясы