Парламентте президенттин катышуусунда кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралат

 Парламентте президенттин катышуусунда кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралат

Президент Садыр Жапаров эртең, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Жогорку Кеңештин эртеңки жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоору каралат.

Белгилесек, 15-ноябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда жактырган.

Документ эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар