Парламентте мобилизациядан улам Россиядагы кыргызстандыктардын маселеси көтөрүлдү

 Парламентте мобилизациядан улам Россиядагы кыргызстандыктардын маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин бүгүн, 29-сентябрдагы жыйынында депутат Эмил Токтошев Россиядагы мобилизациядан улам ал жакта эмгектенип жүргөн кыргыз жарандарынын маселесин көтөрдү.  

Эл өкүлү кыргызстандыктар кооптуу абалда экенин, катардагы милиция кызматкерлери  “согушка барасыңар” деп коркутууга алып жатканын билдирди.

“Ал жактагы биздин жарандарыбыз мыйзамдуу иштеп жатышат да. Бирок, коркутууга кабылып жатканын бизге билдирип жатышат. Ошондуктан элчилик менен тышкы иштер министрлиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мигранттардын коопсузудугун карап коюшса”,-деди Эмил Токтошев.

Жыйынтыгында көзөмөл жүргүзүү тапшырмасы Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана Тышкы иштер министрлигине жүктөлдү.

Жанылыктар