Парламентте 18 жаштан өткөндөрдү милдеттүү түрдө армияга жиберүү сунушталды

 Парламентте 18 жаштан өткөндөрдү милдеттүү түрдө армияга жиберүү сунушталды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 21-сентябрындагы жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралу өз пикирлерин ортого салышты. Эл өкүлү Русланбек Жакышов жашы 18тен жогору мырзаларды милдеттүү түрдө армияга жиберүү сунушун билдирди.

“Запастагы жоокер катары айтайын, жети дубаныбызда 70тен ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Бардыгыбыздын мекенибиз, жерибиз бир. Ошондуктан жашы 18тен ашкан эр-азаматтарбыздын бардыгын милдеттүү түрдө кыргыз армиясына жөнөтүү керек”,-деди Жакышов.

Депутат ошондой эле бир айлык аскердик кызматка баргандарга төлөмдү көбөйтүү сунушун берди.

“Азыр бир айга 50 миң сом төлөп армияга барышса, аны 10 эсе жогорулатыш керек. Түшкөн каражатты кыргыз армиясынын кубаттуулугуна, чек арада кызмат өтөп жаткан аскерлерге жумшайлы”,-деди депутат.

Жанылыктар