Парламент жаңы министрлердин талапкерлигин кароодон баш тартты

 Парламент жаңы министрлердин талапкерлигин кароодон баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы министрлердин талапкерлигин кароодон баш тартып, аларды залдан чыгарып салды.

Депутаттар жаңы министрлердин талапкерлигин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров эмес, президенттин өкүлү Алмазбек Абытов сунуштаганына нааразы болушту.

Эл өкүлдөрү Акылбек Жапаровдун парламентке келип, мурдагы министрлер эмне үчүн кызматтан алынганын жана азыркы талапкерлер ката кетирсе, ким жооп берерин айтып берүүсүн талап кылышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын президенти жарлыгы менен энергетика министри Доскул Бекмурзаевди, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловду, транспорт жана жолдор министри Эркинбек Осоевди кызматтан бошоткон.

Жанылыктар