Парламент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды

 Парламент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоору ратификациядан өттү.

Мыйзам долбоорун депутаттардын 65и колдоп берди.

Буга чейин, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда жактырып берген.

Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар