Пакистандагы жардырууда тогуз полиция кызматкери каза болду

 Пакистандагы жардырууда тогуз полиция кызматкери каза болду

Пакистанда полиция автобусу жардырылып, тогуз кызматкер каза болду, дагы 13ү жараат алды. Бул туурасында Интерфакс жазды.

Окуя кечээ, 5-март күнү катталган. Ал Качни жана Сиби райондорун бириктирген көпүрөдө болгон. Алдын ала версия боюнча, полциянын автоунаасына мотоцикл айдаган жанкечти чабуул койгон.

“Жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Жардыруу болгон жер курчоого алынып, ал жерде саперлор иштеп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар