Пакистанда суу ташкынынан улам азык-түлүк тартыштыгы жаралды

 Пакистанда суу ташкынынан улам азык-түлүк тартыштыгы жаралды

Пакистанда июль айынан бери уланып жаткан суу ташкындарынан улам азык-түлүк тартыштыгы жаралууда. Бул боюнча Пакистан өкмөтү тынчсыздануусун билдирди.

Бийликтин маалыматына караганда, өлкө аймагынын 25 пайызы суу алдында калды. 31-августка карата көпчүлүк райондордо сел токтогону кабарланды. Жаратылыш кырсыгынан  1 100 киши каза болуп, он миллиондогон адам жабыркады, бир миллион турак жай зыянга учурады.

БУУ донор өлкөлөрдү тез арада Пакистанга 160 миллион доллардан кем эмес жардам берүүгө чакырды. Расмий маалыматтар боюнча, суу ташкындарынан улам Пакистандагы 220 миллион кишинин 500 миңи үйлөрүн таштап, коопсуз райондордогу лагерлерде жашоого аргасыз болууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Пакистандагы өкүлчүлүгү медициналык жардам көрсөтүү, эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана селден зыянга учураган райондордо жугуштуу оорулардын жайылышына жол бербөө боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Пакистанда бул өлкө тарыхындагы эң күчтүү сел болгону айтылууда.

 

Жанылыктар