Пайдаланылбай жаткан кайрак жерлер. Дыйканчылыкта колдонуп, түшүм алса болот

 Пайдаланылбай жаткан кайрак жерлер. Дыйканчылыкта колдонуп, түшүм алса болот

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда айыл чарба багытындагы 400 миң гектардан ашуун кайрак жер бар. Суу жетпегендиктен бул жерлердин басымдуусу пайдаланылбайт. Адистер кургак жерге дагы бак тигип, өсүмдүк өстүрүүгө болорун айтышат.

Төмөндөгү макалада кайрак жерди иштете албай кыйналгандар жана аны иштетүү боюнча сунуштарды ошондой эле жана суу жетпеген жер аянттарын ийгиликтүү колдонуп келе жаткан дыйкандардын тажрыйбалары тууралуу маалымат бермекчибиз.

Баткен облусунун тургуну Нуридин Жапаровдун үй-бүлөсүнө үлүш катары кайрак жер бөлүнгөн. Өткөн жылы ага кошо ижарага 3 гектар жер алып арпа сепкен. Бирок жаан-чачын аз болуп, түшүм көрбөй калган. Кургакчылыкта арпа жакшы өспөй, комбайн менен жыйноого да жараксыз болуп калган.

“Үрөндүн килограммын 20 сомдон сатып алган элем. Бир гектарга 200 килограмм себилген. Аны себүү үчүн техникага дагы акча кетти. Бирок, ойлогондой түшүм ала албай калдым. Эми бул жылы жерди эс алдырып, кийинки жылы дыйканчылык кылсамбы деп жатам. Ошондо жакшыраак түшүм аламбы деген божомолум бар”, – деди Нуридин Жапаров.

Ал эми Нарын облусунун тургуну Нурбек Алымкулов бош турган кайрак жерди ижарага алып, дыйканчылык кылууну пландап жатат. Ал 5 гектар жерге арпа себе турган болууда. Ал эми сууну 1,5 чакырым алыстагы булактан тартып келүүнү көздөп жатат. Ал үчүн 100 миң  сомдой каражат кетет. Ал эми арпа үрөнүн айыл өкмөттөн насыяга алат.

“Айыл өкмөттүн балансында иштетилбей турган кайрак жер бар экен. Ошонун беш гектарын алып, арпа сээп көрөйүн деп жатам. Суу тартып келүү үчүн булактан эгин талаасына чейин жол жээктерине ноо (лоток) куруп, калган бөлүгүнө түтүк тартылат. Бул жумуштардын планын айыл өкмөт адистери келип көрүп кетишет. Уруксат берилсе жумушту баштайм. Буюрса аракет жана чыгаша акталат деген үмүтүм бар”, – деди Алымкулов.

Кыргызстанда айыл чарба багытындагы 10 миллион 458 миң гектар жер бар. Анын ичинен айдоо аянтынын саны 1 миллион 211 миң гектарды түзсө, 416 миң 557 гектар жер кайрак болуп саналат.

Кайрак жерлерди өздөштүрүүдөгү көйгөйлөр жана сунуштар

Айыл чарба адиси Жамин Акималиевдин айтымында, кайрак жерлер суу жетпегени менен көпчүлүгү түздүктө жайгашкан. Ошондуктан аларды өздөштүрүүгө болот. Ал үчүн суу сактагычтарды куруу зарыл. Эгерде суу сактагыч курууга мүмкүн болбосо, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонууга өтүү керек. Бирок, бул технологияны колдонуу бардык эле дыйкандардын капчыгына туура келбейт. Андыктан мамлекет тарабынан колдоо болсо, кайрак жерлер дагы жашылдандырылып, азык-түлүк коопсуздугу жоюлат.

“Ошондой эле кайрак жерлерге сууну көп талап кылбаган өсүмдүктөрдү айдоо кажет. Алсак, кургакчылылыкка буудай, арпа жана беденин айрым сорттору туруштук берет. Ошондой эле өсүмдүк майын алууга жарамдуу сафлорду дагы кургак жерлерге эгүүгө болот. Мындан тышкары, Ысык-Көл, Нарындын айрым аймактары сыяктуу көп жаан жааган жерлер бар. Мындай жерлерге алма эгип, беде сепсе болот. Сугат жерлерге салыштырмалуу түшүм аз бергени менен азык-түлүк менен камсыз кылууга жарайт. Ошентип жыл сайын жок дегенде 5 000 гектар жерди өздөштүрүү аркылуу, айыл чарба тармагын алдыга жылдырууга чоң кадам шилтеген болобуз”.

Мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев айыл чарба багытына бөлүнө турган каражаттын көбүрөөк суммасын кайрак жерлерди өздөштүрүүгө жумшоо керек деп эсептейт. Мамлекет тарабынан дыйкандарды арзан баадагы үрөн, жер семирткичтер менен камсыздоо маанилүү. Учурда дыйкандар керектелчү каражаттардын кымбаттыгынан аксап жатышат. Мунун айынан тобокелчиликке барып, кайрак жерлерге үрөн себишпейт.

Мындан тышкары, коңшу мамлекеттерге берилип жаткан суу үчүн туруктуу тариф бекитилип, акы төлөө системасын ишке ашыруу керек. Анын негизинде чогулган каражат Кыргызстандын кайрак жерлерине суу тартууга жумшалат.

“Кыргызстанда дыйкандарга бир метр куб суу 3 тыйындан берилет. Ал эми суу пайдалануучулар ассоциациялардын кызматтарын кошкондо бир метр куб суу 5-10 тыйынга барабар болуп калат. Өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде Өзбекстан, Казакстан мамлекеттерине бекер эле суу беребиз. Алар акча төлөбөйт. Ошондуктан аларга да тариф бекитүү зарыл. Ал тариф биздин дыйкандарга коюлган тарифтен кем болбоосу кажет. Аны өзүнчө мыйзам катары бекитүү керек. Ошентип өзүнчө каражат резервдерин түптөгөнгө мүмкүнчүлүк болот. Ошол акчалардын негизинде суу сактагыч, каналдарды курууга шарт түзүлөт”.

Тамчылатып сугаруу технологиясын колдонууга жеңилдик түзүлөт

Айыл чарба министрлигинин өкүлү Абдылат Мырзаев кайрак жерлерди колдонуу кымбатка тургандыктан пайдаланылбай жатканын билдирди. Маселен, үрөнгө, айдап-себүүгө кеткен чыгашаларды түшүмдүн баасы актабайт. Ал эми тамчылатып сугаруу технологиясына керектелчү шаймандарды бардык эле дыйкандар сатып ала албай жатат. Андыктан айыл чарба министрлиги ушул жылы тамчылатып сугаруу жабдууларын чыгаруучу завод курууга аракет көрүүдө. Учурда инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгерде завод ишке кире турган болсо, шаймандар арзан баада сатылат.

“Жер-жерлерде айдоо аянттарын колдонуу керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Орусия, Казакстан, Өзбекстандан сууну көп талап кылбаган, бирок, жакшы түшүм бере турчу үрөндөр алынып келип жеке чарбаларга берилип жатат. Муну менен айдоо аянты көбөйөт деп күтүп жатабыз. Мындан тышкары, сугат суу менен камсыздоо боюнча 1,5 миллиард сомдон ашуун акча бөлүндү. Ал каражатка сугат суу тармагын жакшыртуу иштери жүрөт”, – деди Абдылат Мырзаев.

Тамчылатып сугаруу жабдууларын орнотуу үчүн каражаттын өлчөмү  айдалган жердин аянтына жараша аныкталат. Агроном Турусбек Асаналиевдин айтымында, бир гектарга 80 000 сомдун тегерегинде акча коротулат.

Зарыл болгон жабдуулардын катарына цистерна, ал цистернага агын сууну жеткирип берүүчү насос жана цистернанын суу куюлуучу жерине орнотулган фильтр кирет. Мындан тышкары, магистралдык түтүк, сууну жөөктөргө жеткирүүчү кран жана ленталар керектелет.

Белгилей кетсек, магистрлдык түтүк, крандарды бир нече жыл колдонууга болот. Ал эми ленталарды жыл сайын алмаштырып туруу сунушталат. Себеби көзөнөктөрүнө топурак толуп, тез жарактан чыгат.

“ Мөмөлүү дарактарга ленталардын айланып суу чачырата турганын колдонуу керек. Анткени дарактардын тамыры 3 метрге чейин жайылат жана лентанын бул түрү тамырларына толук суу жетүүсүн камсыздайт. Көпчүлүгү тамчылатып сугаруучу жабдууларды орнотуп койсо эле өсүмдүктөр суу ичип жатат же бир жолу сугаруу жетиштүү дешет. Ал жаңылыш түшүнүк. Тамчылатып сугарууда дагы каныктыра суугаруу абзел. Ошондо гана жыйынтыгын берет”, – деди Асаналиев.

Кайрак жерде көчөт көктөдү. Аравандык багбандын аракети

Оштун Араван районунун тургуну Жоомарт Ашимовдун үй-бүлөсүнө үлүшкө кайрак жер бөлүнгөн. Бирок, суу жок болгондуктан көп жыл дыйканчылыкта колдонушкан эмес.

Каарманыбыз эки жыл мурун тамчылатып суугаруу системасы боюнча маалымат алып, аталган жерди колдонсо болорун түшүнгөн. Натыйжада эки гектар аянтка бак тиккен. Аларды тамчылатып сугарууга керектүү жабдууларды сатып алып, орноштуруу иштерин өзү жасаган. Учурда отургузган көчөттөрү көктөп, кийинки жылы түшүм байлайт деп күтүп жатат.

“Ушунча жерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен 4 саатта сугарып бүтөм. Көп каражат кетпейт. Айына 250-300 сом чыгаша кетет. Бул жакка негизинен бадам жана анар эккенмин. Буларды тандап алганымдын себеби, кургакчылыкка чыдамдуу болушат. Ошондой эле түшүмдү дагы жакшы берет. Мисалы, бадам 18 килограммга чейин түшүм берет. Мен кайрак жерди иштетип баштаганда бардыгы шылдыңдашкан. Азыр эми биз дагы иштериңе жардамдашалы деп калышты. Негизгиси аракет кылыш керек. Мисалы, мен чет өлкөлөрдө да жүрүп келдим. Таштак жерди эле жашылдандырып. Бак кылып койгондор бар. Алар сууну дагы үнөмдөп беришет. Ошолорду көрүп келип анан кайрак жерди иштетүүнү баштадым”.

Кайрак жер жашыл бакка айланды. Тамчылатып сугаруу аркылуу бак түптөгөн багбан

Ош облусунун тургуну Нышанбай Асылбеков суу барбаган кайрак жерди жашыл бакка айландырды. Ал мындан 5 жыл мурун үлүш жерине кошуп, жашылдандырууга ижарага жер алган. Жыйынтыгында жалпы 10 гектар жерге алма, өрүк, кокон гилас тиккен.

Алгачкы жылдары көчөттөргө суу ташып барып куюп жүрүшкөн. Бирок, көчөттөргө суу тегиз жетпей, жакшы көктөгөн эмес. Натыйжада банктан бир миллион сом насыя алып, тамчылатып сугаруу жабдууларын орнотушту. Жалпы 3 миң түп көчөттү сугаруу үчүн 80 тонна суу бата турчу кампа орнотуп, тамчылатып сугаруучу шаймандырды орноткон.

“Башында көчөттөрдүн 10 пайызы көктөбөй калган. Анын ордун кайра толтурдук. Тамчылатып сугарууга өткөндөн бери көчөттөрдүн абалы жакшырып калды. Жалпылап атканда, үй-бүлөбүз менен бакты кароо, чоңойтуу менен алекпиз. Буюрса көчөттөр ушул жылы түшүмгө кирет. Бактагы 3 миң түп көчөттүн ар биринен болжол менен 5 килограммдан түшүм алганда дагы жалпы 15 тонна жыйналат экен. Мөмөнүн бир килограммы 50 сомдон сатылса дагы 750-800 миң сом киреше түшөт. Ошондо эки  жылдын ичинде биз чыгашаны толугу менен жаап бүтөт экенбиз”,- деди багбан.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Жанылыктар