Пахтанын баасы арзан. Дыйкандардын түйшүгү парламентте көтөрүлдү

 Пахтанын баасы арзан. Дыйкандардын түйшүгү парламентте көтөрүлдү

6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалалидин Нурбаев дыйкандардын маселелсин көтөрдү. Ал аймактарда пахтанын түшүмү жыйналып, заводдорго тапшырылып жатканы менен баа арзан экенин айтты.

“Бүгүнкү күнгө чейин туруктуу баа айтылбай жатат. Былтыр 110-112 сом болгон. Быйыл болсо 90 сом деп турат. Мындайда дыйкандардын чыгашасы дагы акталбайт. Алар башта жер семирткичтерди килограммын 52 сомго чейин сатып алышкан. Кийин 46 сомго түштү”,-деди эл өкүлү.

Депутат айыл чарба министрлиги бул маселени оң тарабына чечип берсе деген кайрылуусун жолдоду.

Жанылыктар