ОшТВ телерадиокомпаниясы

“ОшТВ” телеканалынын журналистине болгон кол салууну милиция “майда бейбаштык” беренеси менен тергей баштады

 “ОшТВ” телеканалынын журналистине болгон кол салууну милиция “майда бейбаштык” беренеси менен тергей баштады

Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин биринде “ОшТВ” телеканалынын журналисти Абдумалик Базарбаевге кол салууну шаардык милиция “майда бейбаштык” беренеси менен териштире баштады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.

Анда айтылгандай, маалымат Жоруктар кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”) менен катталды.

Журналист Абдумалик Базарбаев милицияга арыз жазып жазды. Анын айтымында, талапкер “Айбек Осмоновдун байкоочусумун” деген кишиден акча таратуу боюнча сурай баштаганда ага кол салуу болгон.

Ал камера тартылып жатканын айтып, милиция кызматкерлерине кайрылганда кол салган киши тетири карап басып кеткен.

Жанылыктар