ОшТВ телеканалынын  кабарчысы даярдаган репортаждан кийин курулушу  токтоп калган мектепти  куруу иштери жанданды (видео)

 ОшТВ телеканалынын  кабарчысы даярдаган репортаждан кийин курулушу  токтоп калган мектепти  куруу иштери жанданды (видео)

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылындагы  “Октябрдын 70 жылдыгы” орто мектебинин курулушу  2015-жылы башталып,  дубалы менен чатыры жабылган бойдон каражаты чечилбей,   куруу иштери  токтоп калган.  Азыркы учурда окуучулар билим алып жаткан  мектептин урап түшүү коркунучунан чочулаган жергиликтүү эл биздин телеканалга кайрылып, жаны билим уясынын  курулуш иштери токтоп калганына нааразычылыктарын билдиришкен болчу.

Элдин кайрылуусун четке какпай, биздин чыгармачыл топ жеринен репортаж даярдап келген болчу. Бул боюнча видеоматериал  чыккандыгынан  көп өтпөй, 5 жыл токтоп турган курулуш иштери кайра жандангандыгын  айыл тургундары сүйүнүү менен бизге кабарлап, видео, сүрөттөрдү жөнөтүштү.

Бул маалыматты   Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы  Нурсултан Калматов  да тастыктады.

“Биздин мектептин курулушу 2015-жылы башталып, дубалы урулуп, чатыры жабылган боюнча  ушул күнгө чейин бүтпөй турган. Сиздердин телеканалга чыккан видеоматериалдан кийин тиешелүү тараптан реакция жасалып, курулушу иштери бүгүн, 2-июнь кайра  башталды. Ага республикалык бюджеттен 5 миллион сом бөлүнүп, мурда  тендерден уткан компания ишти  баштады.  Көйгөйдү жеринен угуп, чагылдырып, чечилүүсүнө көмөктөшкөн ОшТВ телеканалына, кызматкерлерине жергиликтүү тургундардын, мугалимдердин, окуучулардын атынан  ыраазычылык билдиребиз”,- деди айыл өкмөт башчы.

Жанылыктар