Оштун мэри шаарды өнүктүрүү боюнча пландарын сунуштады

Бүгүн, 8-февралда Ош шаарында 2022-жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык мекеме-ишканалардын муниципалдык кызматтардын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров технологиялык өнүгүү доорунда Ош шаары өнүгүүдө болуп, ошол эле учурда тарыхый макамын сактап, Ош Фергана өрөөнүндөгү ири үч шаардын бири катары тийиштүү талапка жооп бериши керектигин белгиледи.
“Шаар куруунун деталдуу планын иштеп чыгуу боюнча ишти кыска мөөнөттө иштеп чыгып, ошондой эле маанилүү инфраструктуралык милдеттерди чечүү зарыл.
Алардын ичинен негизгилери:
– калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо;
⁃ тыгындардын пайда болушуна алып келген транспорттук айрылыш жолдордун жоктугу;
⁃ шаардын бюджетин пландаштыруу маселелери, бул өнүгүүнүн негизги багыттарынын приоритеттеринин жоктугуна алып келет.
Эң негизгиси, көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү керек, андан соң “көмүскө” түшкөн каражаттар шаардык бюджетке багытталат”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Коллегиянын алкагында Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча пландар тууралуу маалымат берип, кыска жана узак мөөнөттүү мезгилге карата иштин негизги приоритеттерин белгиледи.
“Учурда Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу тарабынан Ош шаарын 2023-2026-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоору боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат. Программаны иштеп чыгууга Ош мамлекеттик университетинин адистери тартылып, креативдүү технологияларды киргизүү, Ош шаары менен достук байланыш түзгөн чет өлкөлүк шаарлардын, башка өнүккөн шаарлардын өнүгүү тажрыйбалары программага киргизилип, Ош шаардык Кеңешинин кароосуна жакынкы күндөрдө сунушталат. Ошону менен бирге социалдык чөйрөгө, атап айтканда билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, республикалык бюджеттин капиталдык салымынын эсебинен курулуп жаткан мектептердин курулушун аяктоого өзгөчө көңүл бурабыз. Мындан тышкары үстүбүздөгү жылы курулуп жаткан 4 бала бакча пайдаланууга берилет, ошондой эле 1 жаңы бала бакча курулат”, – деп билдирди мэр.
Ошону менен бирге Б.Жетигенов шаардын башкы көйгөйү катары жашоочуларды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси тураарын белгиледи.
“Жаан жааган мезгилде Ак-Буура дарыясындагы суу ылайланып, шаарга таза суу берүү токтотулуп жаткандыгы чоң көйгөйдү жаратууда.
Бул маселени чечүү боюнча биз 3 этаптуу иш алып барабыз:
1-этапта февраль, март айынын ичинде эски скважиналар реконструкцияланып, жаңы скважиналар курулат;
2-этапта июнь айынын аягына чейин сыйымдуулугу 6000 м3 болгон 4 суу кампасы курулуп бүтөт;
3-этапта Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан узундугу 2400 метр болгон “Данги” участкасына дамба куруу менен 2 канаттуу (1200 мм труба менен) суу линиясы тартылат.
Мындан сырткары Мады суу алуучу станциясын реабилитациялоо боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Шаар калкынын өсүшү менен саркынды сууларды тазалоочу станциянын III комплексин куруу зарыл болуп жатат. Долбоор толук даярдалып, Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкына сунушталды”, – деди шаардын мэри.
Мындан тышкары, мэр бир катар келечектүү долбоорлорго токтолду:
– шаардын калкын электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Даңги, Ак-Буура дарыясынын жана Папан суу сактагычынын участокторунда чакан ГЭСтерди куруу мерчемделип жатат;
– калаа тургандарын кыш мезгилинде жылуулук менен камсыздоо максатында кубаттуулугу 10-12 Мватт электр энергиясын чыгаруучу жана ысык суу менен камсыздоочу чакан жылуулук электр борборун куруу республикалык бюджеттин эсебинен пландаштырылууда;
– Шаардагы көчө тыгындар маселесин чечүүгө дагы олуттуу көңүл бурулат. Бүгүнкү күндө Бишкек-Ош жолунун 660-км аралыгындагы “Т” кесилишинен Ош шаарына түз кирүүчү жолду куруу зарыл. Жолду реконструкциялоо үчүн алдын ала эсептөөлөр боюнча 122,0 млн.сом акча каражаты талап кылынат.
Шаардагы Керме–Тоо кичи районундагы “Барсбек каган” кесилишине эстакадалык көпүрө куруу пландалган. Унаа жолдорунун кесилиштерине жөө адамдар жер үстүнөн өтүүчү 2 өтмөктү республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле 2 өтмөктү жергиликтүү бюджеттин эсебинен куруу пландаштырылууда;
– табигый таштан тротуарларды куруу багытында таш кесүүчү заводду куруу (тротуардык брусчаткаларды даярдоо) каралган;
– 3-троллейбус линиясын куруу, электр автобустарын сатып алуу, коомдук транспорттун ар бир бирдигине навигаторлорду орнотуу;
– асфальт-бетон заводун лизинг жолунда куруу максатталган. Заводду куруунун жалпы сметалык наркы 160,0 млн. сомду түзөт.
– Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылдык округундагы жалпы 440,0 га жер аянтына жана Ош шаарынын аймагына кире беришиндеги Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагына караштуу 32 гектар жер аянтына “Ош-Сити” кичи шаарчаларын куруу пландаштырылган;
– жерлерди трансформациялоо боюнча иш-чаралар аяктагандан кийин Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу 300 га жерге мөмө-жемиш базарын жана автобекет куруу каралып жатат.