ОшТУга жаңы ректор дайындалды

Ош технологиялык университетинин ректору кызматына Жанболот Турсунбаев дайындалды.
Окуу жайдын жамаатына жаңы дайындалган ректорду Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев тааныштырды.
Буга чейин окуу жайдын ректорунун функционалдык милдетин Мурзабек Сагыналиев аркалап келген.
Билим берүү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жогорку окуу жайлардын ректорлору шайлоо жолу менен эмес дайындоо аркылуу аныктала турган болгон.