Оштон Жиддага аба каттамы ачылды

 Оштон Жиддага аба каттамы ачылды

Ош шаарынан Жидда шаарына Шарм-эль-Шейх аркылуу чартердик каттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

Аба каттамдарын Nesma Airlines авиакомпаниясынын Airbus-320 учактары жумасына 3 жолу – шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү, аткара баштады.

Белгиленген багыт аркылуу Оштон Жиддага (Сауд Аравиясы) бара турган биринчи каттамда 169 жүргүнчү катталды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар