Оштон зер буюмдарды уурдап качкан жаран, Бишкектен кармалды

 Оштон зер буюмдарды уурдап качкан жаран, Бишкектен кармалды

Ошто издөөдө жүргөн 24 жаштагы Д.К.,атуу жаран Бишкек шаарынан жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

“Кара-Суудагы милиция бөлүмүнө аталган райондун 60 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда, 2021-жылдын 1-август күнү үйүнө белгисиз жарандар кирип, алтын, күмүш буюмдарын жана акчаларын уурдап кетишкендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучуга 52000 (элүү эки миң) сомдук зыян келтирген”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар