Оштогу тойканалар ККМ аркылуу дээрлик эки эсе көп салык төлөй баштады

 Оштогу тойканалар ККМ аркылуу дээрлик эки эсе көп салык төлөй баштады

Ош шаардык салык башкармалыгы жалпы 27 тойкана бар экенин, алар былтыркы жылга салыштырмалуу көбүрөөк салык төлөй баштаганын билдирди.

Шаардык салык башкармалыгынын инспектору Асылбек Абдрай уулу бир нече ресторандын 2021-2022-жылдагы төлөгөн салыгынын айырмасын айтып берди.

Анын айтымында, шаардагы 400 орундуу чоң тойканалардын бири  2021-жылы 532 миң сом салык төлөгөн болсо, 2022-жылы, кассалык көзөмөл киргизилгенден кийин бир жылда 827 миң сом салык төлөй баштаган. Дагы бир 300 орундуу ресторан өткөн жылы 184 миң төлөгөн болсо, былтыр 694 миң сом төлөгөн. Инспектор Асылбек Абдрай уулу мыйзамга туура келбейт деген жүйөө менен ресторандардын атын ачык айткан жок.

“Ооба айырма чоң болуп жатат. Себеби мурда жыл башында бир сумма бекитилип, тойканалар аны ай сайын бөлүп төлөп келишкен. Былтыртан таштап кассалык көзөмөл киргизилди. Мында биздин инспекторлор ар бир өткөн тойду көзөмөлгө алышат. Тойго канча адам келгенине карай салык төлөп жатышат, той болбогон күнү салык төлөшпөйт” , – деди Абдрай уулу.

Кошумчалай кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы Бишкек шаарындагы тойканаларды мисал келтирип айтып берген жана салык качуу деген жоюлганын билдирген.

Жанылыктар