Оштогу санэпид көзөмөлдөө борборунун жетекчиси үй камагына чыкты

Бүгүн, 11-февралда Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору Санталат Орозбаева үй камагына чыкты.
Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Айпери Турат кызы билдиргендей, Орозбаева 31-мартка чейин үй камагынада болот. Аны үй камагына чыгаруу үчүн тергөөчү өзү сотко өтүнүнүч келтирген.
«СЭСтин жетекчиси Кылмыш жаза кодексинин 337-342-беренелери менен шектелип, кармалган экен. Сотко тергөөчү кармалган жаран орто жаштан өтүп калгандыгы, өздүгүн тастыктаган документтери, жашаган жери бардыгы эске алынып, тергөөнүн жүрүшүнө эч кандай таасирин тийгизбейт деген өтүнүч келтирген. Бул беренелер менен шектелгендер анчалык оор эмес кылмыштардын категориясына киргендиги да эске алынган»,- деди Турат кызы.
Кечээ, 10-февралда улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шектүү катары Санталат Орозбаеваны кармаган.
Атайын кызмат санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жана саламаттыкты сактоо тармагындагы башка ведомстволордун кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин абийирсиз аткаруусун жана коррупциялык көрүнүштөрүн аныктаган.
Ошондой эле Ош шаардык Оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөл кызмат адамдары тарабынан жеке ишкерликтин субъекттерине карата пайда көздөө максатында контролдук-көзөмөлдөө иш-милдеттери системалуу түрдө аткарылган эместигин билдирген.