Оштогу Олигарх ресторанынан өрт чыкты

 Оштогу Олигарх ресторанынан өрт чыкты

Бүгүн, 17-январда Ош шаарынын Анар 1 кичи районунда жайгашкан “Олигарх” ресторанынын от жагуучу бөлмөсүнөн өрт чыкты. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, тилсиз жоону өчүрүүгө беш бөлүм тартылып, саат 11:50 чектөөгө алынган.

ӨКМден өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгым боюнча кошумча маалымат бере турганын кошумчалады.

Жанылыктар