Оштогу коммуналдык кызматтар Ташкенттеги ишканалар кызматташат

Ош шаарынын коммуналдык кызматтары Ташкент шаарынын ишканалары менен тыгыз кызматташат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов баштаган делегациянын расмий иш сапарынын алкагында шаардык “Ошсвет”, “Ош-Тазалык”, “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” ишканаларынын, муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын жетекчилери Ташкент шаарынын адистештирилген коммуналдык ишканаларында: “Тошшахарнур”, “Тошшахартрансхизмат” ишканаларында, Өзбекстандын жашылдандыруу тармагындагы эң ири ишканасы “Flowers garden” жана «Максустранс» мамлекеттик ишканасында болушту.
Иш сапардын жүрүшүндө аталган коммуналдык ишканалардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана инфраструктурасы менен таанышуу болду.
Кыдыруунун алкагында жетекчилердин ортосунда тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында Ташкент шаарынын коммуналдык ишканаларынын адистеринин Ош шаарына келүүсү боюнча келишим түзүлдү.