Оштогу «Изюм» конок үйү мамлекетке 7 жылдан бери ижара акы төлөй элек

Ош шаардык прокуратурасы Изюм конок үйү боюнча териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Ош ТВга жеке булактар билдирип, аталган конок үй жети жылдан бери ижара акы төлөбөй келгенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы май айында Изюм конок үйүнүн ордундагы жер тилкеси Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөн. Ошол убакыттан бери Изюм конок үйү мамлекетке ижара акысын төлөй элек.
«2015-жылдан бери иштетилип жүрөт. Эч келишим түзүлгөн эмес. Муниципалдык жерге мыйзамсыз капиталдык курулуш конок үйү болуп иштеп жүрөт. Бирок келишим дагы түзүлгөн эмес. Мамлекеттин балансына ушул күнгө чейин бир дагы сом акча төлөбөй жүрүшөт»- деди жеке булактар.
Ош шаарынын вице-мэри Марс Исаев Изюм конок үйү боюнча азыр сот иштери жүрүп жатканын билдирип, 2015-жылдан 2021-жылга чейин иштетип келгенин айтты. Мындан сырткары ал өзүнө кылмыш иши козголду деген маалыматтарды четке какты.
«Кандай болгондо да арендатормун да. Мен деле эмес негизи. Бир компания эле алар да чыгып кеткен менден кийин. Биз ижараны конок үйдүн ээсине төлөп жүргөнбүз»,- деди Исаев.
Вице-мэр аталган конок үй боюнча кимдир бирөөлөр буюртма берип жатканын белгилеп, бирок алар кимдер экенин ачыктаган жок.
Буга чейин Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашимжан Семетеев 2021-жылдын 16-мартында Ош шаардык сотуна Изюм конок үйү 865 миң сом иажара акы төлөп бериши керек деп доо койгонун билдирген. Сот алардын доосун жарым-жартылай канааттандырып, 245 миң сом төлөп берүүгө милдеттендиргенин билдирген. Бирок ал акча да төлөнбөй жаткнаын айткан.
Семетеев аталган конок үйдү Ош шаарынын азыркы вице-мэри ижарага алып, аталышын «Изюм» деп өзгөрткөнүн белгилеген.
Ал, Изюм конок үйү боюнча соттун чечими чыккандан кийинки ижара акысы да күндөн күнгө өсүп жатканын кошумчалаган болчу.