Оштогу бир млрд сомдук тендер уткан фирма менен депутаттын байланышы. Фактчек

 Оштогу бир млрд сомдук тендер уткан фирма менен депутаттын байланышы. Фактчек

Өткөн айда социалдык тармактарда шыбы урап түшкөн “Ош” аэропортунун күтүү залы талкууга алынган. Биздин редакция аба майданды реконструкциядан өткөргөн фирмалардын бирине Ош шаардык кеңешинин депутаты Айгул Салиеванын да тиешеси бар экенин ачыктаган

Биз бул материалда “Ош” аэропорту эмес, Айгул Салиева Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп турган учурда жеңген жүз миллион сомдук тендерлерди жана депутат айымга тиешеси бар миллиард сомдон ашык тендерди уткан дагы бир фирма жөнүндө сөз кылабыз. 

Курулуш компанияны жеткетеген депутат 

Айгул Салиева 2011-жылы карьерасын  “Монарх” курулуш компаниясынын жетекчиси кызматында баштаган. 

2016-жылдын апрель айында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ошол учурдагы бийликчил “СДПК” саясий партиясынын тизмесинен Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ал жергиликтүү кеңеште архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү болгон

Салиева 2020-жылы жокко чыккан шайлоодо “Бир Бол” саясий партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Айгүл Салиева

2021-жылы “Бир бол” саясий партиясынын тизмегинде Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп кайрадан шайланган.  

Миллиард сомдук тендерди уткан “Элит-Строй-Сити” компаниясы

Парламентте эл өкүлү болууга талапкер болгон аткаминер айым үгүт өнөктүгүндө эл менен жолугуп, эң артыкчылыктуу иши катары 2010-жылы коогалаңдан кийин курулган Ош шаарындагы ипотекалык негизде берилген батирлердин үстөк пайызын 6 пайызга түшүрүүгө демилгечи болгонун белгилеген

Салиеванын мындай демилге көтөргөнүнүн жөнү бар. Анткени Ош мэриясынын ипотекалык ишканасы өткөргөн эң ири тендерлерди башкача айтканда баасы бир миллиард сомго жакын төрт тендерди Айгул Салиеванын бир тууган иниси Салиев Мурзалы Абдижалилович ээлик кылган “Элит-Строй-Сити” компаниясы уткан. 

OsOO.kg сайтынын маалыматына ылайык, 2013-жылы “Элит-Строй-Сити” компаниясын Айгул Салиева жетектеген. 

2019-жылга чейин Салиеванын атасы Абдижалил Салиев фирмага ээлик кылган. Андан кийин уулу Мурзалы Салиевге өткөн. 

Айгул Салиева менен Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдрахман уулунун байланышын таба алган жокпуз. 

“Элит-Строй-Сити” мамлекеттик сатып алууларга катышып, жалпы жонунан миллиард сомдон ашуун суммадагы тендерди уткан.

Буга чейин шыбы урап түшкөн “Ош” аэропортун күтүү залын оңдогон фирмалардын арасында “Элит-Строй-Ситинин” да аты аталган

Бир туугандардын тендердеги тиреши

Айгул Салиева 2017-жылдан бери “Элит-Строй-Сити” компаниясында иштебей калганын билдирди. Бирок ал Ош мэриясынын ипотекалык тендеринде иниси Мурзалы Салиев менен аттаандаш болуп өзүнө катталбаган фирма менен катышканын белгиледи. 

“Алар болгону мени негиздөөчүлүктөн чыгарган эмес. Мен бир тууганымдын офисине басып да барбаймын. Инимдин ишканасына менин тиешем жок. Ошол эле ипотекалык үйдүн тендерине мен башка фирма менен катышканмын. Атын айтпай эле коеюн. Кутманалы Абдрахман уулуна барсаңар айтат. Иниси экөө тең катышып, эжеси алалбай калган. Инисине бердим деп айтат. Мага ошондо да тендерди бербей коюшкан. Мен деле ал үйгө катышканмын Кыргызстандын жараны катары. Тендерди мага бербей койгон мен мамлекеттик сатып алууларга арыз жазганымн. Иним тендерди кантип алып жатат анын өзүнүн иши. Мен аны менен ишим жок”,- деди Салиева. 

“Элит-Строй-Сити” компаниясынын аткаруучу директору Азамат Кенжеев да комментарий берип, азыркы тапта Айгүл Салиеванын фирмага тийешеси жок деп билдирди. 

“Элит-Строй-Ситинин ”2018-жылдан кийинки тендерлерине Салиеванын бир тыйын да тиешеси жок. Андан мурдагы тендерлерге болушу мүмкүн. Сүйлөшүп, өзүнүн амалын салып, бийлигин салган ага чейинкилерде болушу мүмкүн. Бирок 2018-жылдын августунан баштап тиешеси жок,- деди Кенжеев. 

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдрахман уулунун айтымында, “Элит-Строй-Сити” компаниясы ипотекалык бир үйдү курганын жана эки үлуштүк курулушта аткаруучу болуп иштеп жатат. 

“Тендерди мыйзамдуу эле алып иштеп жатат. Башка компаниялар мындай атаандаштыкка чыдабады. Мен анын ким негиздөөчүсү экенине кызыккан эмесмин. Айгүл Салиеваны шаардык кеңештин депутаты катары билем. Ал биздин “Элит-Строй-Сити” катышкан тендерлерге катышкан эмес”, – деди Абдрахман уулу. 

Салиеванын фирмалары

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, Салиева Айгул Абдижалиловна азыркы учурда  “Эрбол строй сервис” жана “ДомСтройГрупп” компанияларына ээлик кылат. Эки фирма тең курулуш боюнча иштер менен алектенет.

«Эрбол строй сервис» жана жасалма атаандаштык 

Айгул Салиева Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп турганда «Эрбол строй сервис» ЖЧКсы 83,3 млн сомго тендерлерди утуп алган.

Анын ичинен 500 миң сомго жакын үч тендерди Ош мэриясынын карамагындагы Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан уткан. 

Мындан сырткары, Салиеванын атына катталган эки фирма Ысык-Көл районунун Кумбел айыл аймагынын Булан-Соготуу айылында кичи футбол аянтчасынын курулушу боюнча тендерге катышып, жасалма атаандаштык түзгөн. Башкача айтканда аталган тендерде Салиеванын эки фирмасынан башка атаандаш болгон эмес. 

Жыйынтыгында 430,4 миң сомдук тендерди «Эрбол строй сервис» 380 миң сом сунуштап, жеңип чыккан. 

2019-жылдын июль айында Түп районунун Курмонту айылына 21,3 миллион сомго спорт зал куруп берсе, октябрь айында ветеринардык коопсуздук башкармалыгына имарат курууга мамлекеттик буюртма алган.

Ушул эле айда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы мектеп куруу боюнча сынактын экинчи этабына жалгыз “Эрбол Строй Сервис” өткөн. Долбоордун суммасы 43,5 миллион сомду түзөт.

32 млн сомдук тендерди жеңген “ДомСтройГрупп” 

Айгүл Салиева “ДомСтройГрупп” ЖЧКсына да ээлик кылат. Фирма 2016-жылдан бери 32,1 миллион сомго тендердик табыштамаларды берүү менен 31,7 миллион сомго тендерлерди утуп алган.

Салиева өзүнө катталган фирмалары боюнча да комментарий берип, аффилирленген болуп калбоо үчүн Оштон башка жактарга тендерлерге катышып жатканын билдирди. Ал эми шаардык мэрияга тиешелүү аз суммадагы эле тендерлерди утканын айтты. 

“Шаардык билим берүүдөн аз эле сумма утканмын. Чынын айтайын 60 миң сом акчаны билим берүү башкармалыгынан дагы деле ала элекмин. Эки жыл болду. Ошон үчүн аларга деле катышпай койдум. Ош шаардык кеңешинде биз айлык албайбыз. Мен иштебесем адам укуктарына туура келбей калат. Мен Кыргызстандын баардык жеринде бизнестимди кылып иштесем болот. Бирөөлөргө окшоп мен өзүм иштеп башка бирөөнү директор кылып шайлап койгон жокмун. Менде эч канча деле иш жок. Менин директор болуп калганым үчүн эле көрүнүп жатат да. Эгер мен ЖКда же Ош шаардык кеңеште депутат болуп отуруп, соцблокто, же бюджеттик комитетте отуруп айлык алганда мен тендерге катышпасам болот эле. Ошон үчүн мен Ошко кирген дагы жокмун”,- деди Салиева. 

Юрист Замир Пусуртегиндин айтымына караганда, мыйзам боюнча жергиликтүү кеңештин депутаты саясий муниципалдык кызмат болуп эсептелет. Ошондуктан депутаттын өзү жана жакын туугандары мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат. Анткени Салиева менен анын бир тууганынын мамлекеттик сатып алууларга катышуусу аффилирленген жактарга кирет. 

Пусуртегин белгилегендей, Салиева менен анын бир тууганынын тендерге катышуусу боюнча эки мыйзам бузулду. 

“Мамлекеттик кызмат жана жарандык кызмат деген мыйзам бар. Муниципалдык кызматка жергиликтүү кеңештеги депутатар да кирет. Анын туугандары же өзү мамлекеттик сатып алууларга катышууга укугу жок. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын 6-беренесинде так жазылган. Аффилирленген жактар катышууга тыюу салынган. Анткени кызыкчылыктардын кагылышы болуп калышы мүмкүн. Эжеси саясий муниципалдык кызматта. Ошондуктан бул чындап эле мыйзам бузуу. Эки мыйзамды бузуп жатат. Биринчиси мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын үчүнчү беренесинин экинчи подпункту. Экинчиси ошол эле мыйзамдын 6-беренси”, – деди Пусуртегин. 

Жыйынтык: Айгул Салиева жана анын бир тууганы мамлекеттик сатып алууларга катышкан. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга ылайык, бул кызыкчылыктар кагылышы.  

Жанылыктар