Оштогу Аскер бөлүктө бир жоокер каза болду

 Оштогу Аскер бөлүктө бир жоокер каза болду
  1. Ош шаарында дагы бир аскер каза болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-август күнү ИИМдин Ош шаарындагы №703 аскер бөлүгүндө дагы бир аскердин өлүмү катталды. «Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү аталган аскер бөлүгүнө барды. Аскер бөлүгүнүн командири жана орун басарларынын айтымында, эртең мененки саат 05.00 чамасында текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер М.уулу А. ошол жерде ары-бери басып жүрүп жыгылып түшкөн жана ошол боюнча турган эмес. Жанындагы аскерлер медициналык пунктка алып барышканда анын каза болгондугу аныкталган. Акыйкатчынын өкүлү Соттук-медициналык экспертизанын башчысы Кылычбек Насиров менен жолугуп сүйлөшкөн. Ал аскерди алгачкы кароодо каза болгон аскердин денесинде эч кандай зомбулуктун белгилери жоктугун жана экспертизаны жүргүзүүдө атасы катышканын билдирди. Соттук медициналык биологиялык экспертиза жүргүзүлүп, алдын ала божомол менен анын жүрөк оорудан каза болгондугун, ички органдардан алынган заттар жана бөлүкчөлөр алынгандыгын жана алардын изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде чыга тургандыгын маалымдаган. Ошондой эле, ишти тергөөгө алган Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү менен да сүйлөшүү жүргөн. Ал аскердин медициналык картасы жана башка армияга чакырууга тиешелүү болгон иш-кагаздардын алынгандыгын билдирген. Аскер бөлүгүнүн командири каза болгон аскер үйүнө кете турганына бир ай эле калгандыгын, 2 күн мурда ата-энеси келип кетишкендигин айткан. Өкүл аскердин ата-энесине да жолугуп, юридикалык жардам берүү сунушталды», — деп жазылган маалыматта.

Жанылыктар