Оштогу аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдарына иш козголду

Оштогу аскер бөлүктүн кызматкерлерине материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүгүнүн биринде аскердик мүлктүн максаттуу пайдаланышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары жалпы суммасы 2 млн 298 миң 708 сомдук ар кандай материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз коротууга жол беришкендиги аныкталды.
Аталган факты боюнча Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.