Ошто жолук күнү белгиленди

Бүгүн, 1-февралда Ош шаарында Дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди. Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө кааладагы активдүү, ар тармакта эмгектенген аялдар жана кыз-келиндер катышып, эркин аянтчада баарлашты.
Жетинчи ирээт уюштурулуп жаткан иш-чарага 700 дөн ашуун кыз- келиндер катышты. Иш-чарада жоолуктун коомдогу орду талкууланып, ар тараптан талдоого алынды.
Майрамга Бишкек шаарынан бир катар өкүлдөр, белгилүү айымдар чакырылып “Аялдардын укуктары жана милдеттери” боюнча баяндамалар окулду.Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү 2014- жылдан тарта дүйнөдө, өзгөчө мусулман өлкөлөрүндө белгиленип келе жатат. Ал эми Кыргызстанда жоолук күнү улуттук баш кийим менен айкалыштырып өткөрүлөт.