Ошто жергиликтүү тургунду опузалап, 600 миң сом талап кылган кылмыштуу топ кармалды

 Ошто жергиликтүү тургунду опузалап, 600 миң сом талап кылган кылмыштуу топ кармалды

Ош шаарында 600 миң сом акча талап кылуу фактысы боюнча аралаш мушташ боюнча спортчулардан турган кылмыштуу топ кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 4-февралында Ош шаарынын аймагында Х.у.М. жана М.Х.А., алар менен бирге Ош шаарынын “Нага Грэпплинг” федерациясынын президенти — К.у.Б. жергиликтүү Н.Ш.М. аттуу тургунду жолугушууга чакырып, ал жерден физикалык күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип аны белгисиз багытта алып кетишкени аныкталды. Андан кийин темир балка менен Н.Ш.М.ны сабап, белгисиз маркадагы тапанчаны башына такап, физикалык күч колдонуу жана ар кандай коркутуулар аркылуу акча талап кыла башташкан жана 10 күндүн ичинде 600 миң сом табуу шартын коюшкан.



Учурда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар