Ошто жер титиреди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Ош облусунун аймагында жер титирегенин билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 25-июнда түнкү саат 5:22де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак, Сары-Могол, Ак-Босого, Талды-Суу айылдарында 3 балл, ал эми Кожо-Келең айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.