Ошто «Женгонун» кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалды

УКМК Ош облусунда опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады.
Тагыраагы, Ош облусунун тургунунан 14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөн «Женго» кайманаты аталган К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Г.У.Н. жана Н.А.А. кармалды.
Шектүүлөр УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
“Аталган кылмышты жасагандыгы боюнча мурда Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалган, бирок Г.У.Н. жана Н.А.А. кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Бишкек жана Ош шаарларында жашырынып жүрүшкөн”,-деп айтылат билдирүүдө.
Г.У.Н. жана Н.А.А., мурда «каракчылык» жана «каракчылык» беренелери боюнча бир нече жолу соттолгон.
Ошол эле учурда Н.А.А., колонияга каттоого туруктуу келбегендигине байланыштуу, ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн.
Учурда кармалгандардын мындан башка кылмыштарга тийешеси бар экендиги текшерилүүдө.