Ошто жеке менчикке берилип кеткен оорукананын жери мамлекетке кайтарылды

Ошто жеке менчикке берилип кеткен ооруканананын жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында жайгашкан баасы 12 млн 450 миң сомду түзгөн жер тилкесин мэрия тарабынан 2007-жылы Б.А. аттуу жаранга мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.
Аталган социалдык жерди кайтаруу боюнча Ош шаардык прокуратурасы мыйзам бузууларды четтетүүнү жөнүндө мэрияга талап келтирип, жогоруда көрсөтүлгөн жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алынды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.