Ошто жарандан опузалап 20 миң доллар акча талап кылган шектүү кармалды

 Ошто жарандан опузалап 20 миң доллар акча талап кылган шектүү кармалды

Ош шаарынын 36 жаштагы жашоочусунан ири суммадагы акчаны опузалап талап кылып жаткан шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

1-март күнү Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны «М» аттуу жаран өмүрүнө, жакындарына коркунуч келтирип, 20 миӊ АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын бир нече күндөн бери «WhatsApp» мессенджери аркылуу опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген.

2-март күнү саат 17:00 чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринде аталган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурда Ош ШИИБнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн жана атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

Кармалган жаран  калаанын 1987-жылы туулган Ш.М. атуу жараны, мурда адам өлтүрүү боюнча  соттолгондугу аныкталган. Ал учурда  убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жанылыктар