Ошто жаны жылдык балаты орнотула баштады

Ош шаарынын борбордук аянтына жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери башталды. Быйыл балатынын жасалгасына жана аянтты майрамдык жасалгалоого өзгөчө көңүл бурулаарын Ош шаардык мэриясынын басам сөз кызматы билдирди. План боюнча майрамдык балатыны орнотуу иштери 10-декабрда аяктайт.
Мындан тышкары шаардагы мекеме-ишканаларга сырткы көрүнүштөрүн жасалгалоо тапшырмасы берилди. Ал эми экинчи борбор калаадагы башкы балатынын узундугу былтыркы жылдагыдай эле 31 метр болот.
Ош шаары боюнча жаны жылдык майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн жалпысынан 2 млн 400 миң сом акча каражаты бөлүндү.