Ошто жана Таласта жер титирөө катталды

Кечээ, 9-январында жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:59да Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Талас тоо кыркаларында, Ала-Бел ашуусунда, Өтмөк айылынан 15 чакырым батыш тарапта жайгашкан.
Өтмөк айылында жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин сезилген.
Мындан сырткары 9-янапргп караган түнүн саат 01:56да Таджикистан Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Иркештам, Нура, Сары-Таш жана Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.