Ошто жаңы жылдан тарта ичүүчү жана саркынды сууга төлөмдөр электрондук түрдө гана жүргүзүлөт

 Ошто жаңы жылдан тарта ичүүчү жана саркынды сууга төлөмдөр электрондук түрдө гана жүргүзүлөт

2022-жылдын 1-январынан тарта “Ошшаарсууканал” мунципалдык ишканасы толук түрдө электрондук төлөөгө өтөт.

Ичүүчү таза суу жана саркынды суу үчүн төлөмдөрдү эми банктар, терминалдар жана мобилдик тиркемелер аркылуу төлөнөт. Бул физикалык да,  юридикалык да жактарга тиешелүү.

Ош шаарында 278 миң абонент, 83 миң 332 турак үй  катталган. Калаадагы 12 миң үйгө суу эсептөөчү приборлор коюлган.

Жанылыктар