Ошто виза алып берем деп млн сом чыгым келтирген жаран кармалды
Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Достук” чек ара пунктунда Кыргызстандын жана чет элдик жарандарга “Европага” виза алып беремин деп алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран Кара-Суу районунун Киров айылынын 27 жаштагы тургуну Б.М. аттуу тургуну экенидиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кылмышка шектүү өзүнүн кылмыштуу кыймыл аракети менен чет элдик жарандарга жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпысынан 1 000 000 (бир миллион) сом материалдык жактан зыян келтирилген.
Азыркы учурда шектүү Б.М. аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Кара-Суу РИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 4 кылмыш иши катталып, тергөө иштери уланууда.
Мындан сырткары 6 материал маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда, кылмышка шектүүнүн дарегине карата Өзбекстан жана Кыргызстан Республикасынын жарандары арыз менен кайрылган.
Бул жагдайга байланыштуу Тергөө кызматы эгерде ким аталган жарандан ишеничке кирип алдоо жолу менен зыянга учураган жарандарды тергөөгө келип арыз жазууга чакырат. (Байланыш учун тел: 0551 02-09-89)