Телерадиокомпания

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун 11 мүчөсү милицияга жеткирилди

 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун 11 мүчөсү милицияга жеткирилди

2021-жылдын 22-23-ноябрь күндѳрү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын уюшулган кылмыштарга каршы күрѳшүү бѳүмчѳсүнүн кызматкерлери тарабынан  Ош облусунун аймагында « Бандит» аталыштагы ыкчам иш –чараларды ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сѳз кызматы билдирди.

Иш чаранын негизги максаты-  облустун аймагында каракчылык кол салуулардын бетин ачуу, алдын алуу, бѳгѳт коюу.

Иш чаранын жүрүшүндѳ Ош облусунун аймагында 35 кылмыш жана жоруктар аныкталган.Алардын ичинен 18 уурулук, 2 майда уурулук, 1 опузалап талап кылуу,11 алдамчылык, 1 мыйзамсыз ок атуучу куралды жана ок даарыларды  айландыруу , 1 шайлоочулардын добуштарын сатып алуу,1 башка кылмыштар жана 1 издѳѳдѳ жүргѳн кылмышкерди кармоо.

Ошондой эле КРдин ИИМнин ыкчам тизмелик каттоосунда турган уюшулган кылмыштуу топтордун мүчѳлѳрү тарабынан мурда кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун аныктоо боюнча ыкчам иш чаралар ѳткѳрүлдү. Ош ОИИБдин басма сѳз кызматы.

Жалпысынан мурда тоноочулук менен соттолгон 36 жаран текшерилди. Мындай иш чаранын алкагында жалпысынан 56 адам текшерүүдѳн ѳтүп, ыкчам кызыкчылык  пайда кылган 7 жаран профилактикалык каттоого алынды.

Иш чаранын жүрүшүндѳ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам тизмесинде  уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчѳлѳрү катары каттоодо  турган 11 жаранды  ички иштер бѳлүмдѳрүнѳ алып келип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аларга 2021-жылдын 28-ноябрь күнү ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кенешине депутаттардын шайлоону  ѳткѳрүүдѳ үгүт жана башка иш-чараларына кийлигишбѳѳ жана мыйзам бузууларга барбоо боюнча түшүндүрүлүп, эгерде мыйзам бузуучу аракеттерге баруучу болсо катуу чара кѳрүлѳ тургандыгы боюнча эскертүү берилди.

Жанылыктар