Ошто уруксатсыз иштеп жаткан 25 стоматологиялык клиника аныкталды

Ош облусунда жана Ош шаарында жеке стоматологиялык клиникалардын ишмердүүлүгү лицензиялык талаптарга шайкештиги текшерилди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, текшерүү саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө.
Ага ылайык, комиссия Ош шаары жана Ош облусу боюнча 60 жеке менчик стоматологиялык клиникаларды, кабинеттерди камтыды, анын ичинен 25 кабинеттин медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксаты жок. 25 бөлмөнүн 9 бөлмөсүн орто медициналык билимдүү дарыгерлер ачкан.
«Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча борбору тарабынан калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 135 миң сомдук мыйзам бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү.
Медициналык лицензиясыз иш жүргүзгөн адамдарга карата укук коргоо органдары аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт”,-деди комиссиянын төрагасы Ренат Мавланбай уулу.