Ошто тургундарды ири суммада чыгашага учураткан шектүү кармалды

 Ошто тургундарды ири суммада чыгашага учураткан шектүү кармалды

Ошто тургундардын малын алдап алып, сатып изин жашырып качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорудагыдай алты фактыга шектелип, Нариман айыл аймагынын 36 жаштагы тургуну кармалган. Ал ар бир факт учурунда тургундардан эки жандыктан кем эмес малдарын алдап алып турган.

“Мисалы, Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, «Иззат» аттуу тургун ушул жылдын 8-январь күнү анын 3 даана ири мүйүздүү малын 280 миӊге баалап алып, бирок акчасын жакын арада берүүнү убадалап, малдарды сатып, акчасын кайтарбастан изин жашырган. Ушундай эле жол менен дагы бир Ноокат районунун тургунунун 2 ири мүйүздүү мал жандыгын алып, кымбат сатып беремин деп убадалап, аны 135 миӊге сатып, акчасын бербей из жашырып кеткен”,- деп айтылат маалыматта.

Милициядан кошумчалагандай, кармалган жаран Ноокат районунун тургунунан 14-январь күнү 500 миӊ (беш жүз миӊ) сом акчасын алып, аны «азыр эле мал алып, сатып, кайра 580 миӊ сом кылып кайтарып берем» деп накталай акчасын алып, из жашырып кеткен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кимде ким бул жарандан жабыркаган болсо төмөндөгү 0999-15-70-95 жана 03222-4-82-82 номурларга кайрылууну суранат.

Жанылыктар