ОшТВ телерадиокомпаниясы

Ошто турак-үй толугу менен күйүп кетти

 Ошто турак-үй толугу менен күйүп кетти

Ош шаарынын Крупская көчөсүндө жайгашкан аянты 350 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Кырсык 1-декабрга караган түнү болгон. Жалын саат 20:56та чектөөгө алынып, 23:19да толугу менен өчүрүрлгөн.

Тилсиз жоо кошуна жайгашкан турак үйгө да өтүп, натыйжада жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 50 чарчы метр  чатыры күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Учурда кырсыктын  себеби такталууда.

Өлкө аймагында бир сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталган. Алар: Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бүлүмү тартылган.

Жанылыктар