Ошто турак үй өрттөндү

Кеээ, 14-декабрь күнү Ош шаарынын Памир көчөсүнүн №68 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Өрттү өчүрүүгө саат 17:19да Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 17:25те №13 АӨКБдан 1, саат 17:41де кошумча 1 бөлүм, саат 17:34тө №85 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылып, өрт саат 17:48де чектөөгө алынды.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.