Ошто теле жана радио кызматкерлери сыйланды

 Ошто теле жана радио кызматкерлери сыйланды

8-Декабрь телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бүгүн Ош шаардык мэриясы калаадагы телевидение жана радио кызматкерлерин майрамы менен куттуктады. Өз ишинде мыктылыгын көрсөткөн кызматкерлерге ардак грамота жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Калаадагы аткарылып жаткан иштерди, көйгөйлөрдү чагылдырууда телевидение жана радио кызматкерлеринин ролу чоң.  Маалымат  таратуунун ыкмалары жана элге жеткирүүнүн жолдору өнүгүп, атаандаштык күч алып жаткан мезгилде кесиптин орду өтө бийик. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө журналисттик адистиктин мааниси артып, маалыматсыз жашоо элестетилбей калган учур. Мындай шартта демократиялык өнүгүү жолундагы Кыргызстан үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ачык-айкындуулугунун баасы өтө жогору экенин өлкө турмушундагы орчундуу окуяларын чагылдырып келет. Журналисттердин коомго ачык-айкын, калыс маалымат жеткирүү менен коомдук аң-сезимдин калыптанышына таасири күчтүү экени талашсыз.

Калаа башчы Алмаз Мамбетов түйшүктүү жана сыймыктуу кесипти аркалап келген чыгармачыл инсандардын ишине ийгилик каалап, Ош мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешүүгө дайым даяр экенин билдирди.

Жанылыктар