Ошто таштанды урналардын жанына видео көзөмөл коюла баштады

Ош шаарындагы таштанды контейнерлеринин жанына видео көзөмөл камералары орнотула баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Алгач пилоттук долбоор катары 20 жерге орнотулуп жатат. Алар негизинен, таштандыны контейнерге салбай жака-белине жана курулуштан калган калдыктарды контейнердин ичине салып кеткен аймактарга коюлган.
Камералар кыймыл-аракетти күнү – түнү жазып, таштанды төккөн жарандардын бетин, унаасын кошо жазып калат.
Мындай камераларды коюнун максаты- шаардын тазалыгына кайдыгер караган жарандар менен күрөшүү. Белгиленбеген жерге таштанды төгүп кеткендердин айынан шаар булганып, экинчи жагынан оор курулуш калдыктарын жүктөгөн техникалар бузулуп жатканын ишканадан билдиришти.