Ошто тамак-аш калдыктарын салуучу атайын үкөктөр коюла баштады

 Ошто тамак-аш калдыктарын салуучу атайын үкөктөр коюла баштады

Ош шаарында тамак-аш калдыктарын салуучуүкөктөр коюла баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, пилоттук долбоордун негизинде тамак-аш калдыктарын салуучу атайын үкөктөр “Курманжан-Датка”, “Манас-Ата”, “Сулайман-Тоо” жана “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанына орнотулууда.

Шаардык мэриядан бул үкөктөр жеке ишкерлер тарабынан жасалып берилгендигин кошумчалашты.

Жанылыктар