Ошто талап-тоноого шектүүлөр кармалды

Ошто адамдарды тоноого шектүүлөр кармалды. Бул туурасында шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын 14-ноябрынан 15-ноябрына караган түнү Ош шаарынын Тилеке баатыр көчөсүндө 20 жаштагы К. уулу С. аттуу жаранды эки адам коркутуп, жанындагы 9 800 сом акчасын алышып, изин жашырып кетишкен.
Бул кылмышка шектүү жарандар издөөгө алынып, 25 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну С.Т. жана анын шериги, 22 жаштагы Ош шаарынын тургуну Ж. уулу У. кармалды.
Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.