Ошто соцтармак аркылуу террористтик уюмдун материалдарын тараткандар кармалды

 Ошто соцтармак аркылуу террористтик уюмдун материалдарын тараткандар кармалды

«Фейсбук» социалдык тармагында тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталды.

Теологиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жарыяланган материалдарда “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмдун символикалары, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ислам халифатын курууга багытталган чакырыктар бар экендиги такталган.

Ушул жылдын 7-сентябрында “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун Ноокат районундагы 6 активдүү мүчөсүнүн, Ош облусунун Кара-Суу районундагы 1 активдүү мүчөсүнүн жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 1 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде соттун чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө флешкарталар, СD-дисктер,  диний мүнөздөгү адабияттар алынды.

Жанылыктар