Ошто социалдык дүкөндөрдүн курулушу аяктады. Долбоордун өзгөчөлүгү эмнеде?

 Ошто социалдык дүкөндөрдүн курулушу аяктады. Долбоордун өзгөчөлүгү эмнеде?

Ош шаарынын жети муниципалдык аймактык башкармалыгында социалдык дүкөндөрдүн курулушу аяктады. Долбоорго жалпы 4 миллион 700 миң сом сарпталган. Бул туурасында шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов билдирди.

Дүкөндөрдүң даректери:

1) Р.Абдыкадыров 143;

2) Мамыров көчөсү (болжол Фархат чайканасы);

3) Кулатов кичи району, Ак-Ниет сквери;

4) Төлөнов көчөсү (болжол Т.Сатылганов мектеби);

5) Манас-Ата кичи району (болжол Манас-Ата мечити);

6) Туран кичи району (Дача участогу);

7)Кеңеш айылы (Ош-Араван жолунун бою).

Маалыматта айтылгандай, дүкөндөр эми жеке ишкерлерге ижарага берилет. Алар шаардык мэрия бекиткен жобонун негизинде иш алып барышы керек.

Жобого ылайык, социалдык дүкөндөрдө ун, эт жана сүт азыктарын сатуу сунушталат. Бул азык-түлүктөрдүн түрлөрү менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана сапатына маани берүү дагы негизги талаптардын бири катары көрсөтүлгөн.

“Дүкөндөрдө азык-түлүктөр базар баасынан 10 пайыз арзан сатылат. Бааны монополияга каршы күрөшүү кызматы көзөмөлдөйт. Бул аракеттер калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүү максатында ишке ашууда. Учурда дүкөндөрдү иштетүүнү каалаган жеке ишкерлер арыздарын жиберип жатышат. Жыйынтыгын комиссия курамы аныктайт”,- деди Досматов.

Каалоочулар конкурска ишкердигин күбөлөндүргөн документтери жана акыркы 6 ай аралыгында салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөгөндүгү боюнча маалыматтын негизинде катыша алышат.

Белгилей кетсек, калаа башчысы Алмаз Мамбетов жыл башында азык-түлүккө болгон баанын жогорулашынан улам социалдык дүкөндөрдү ачуу тапшырмасын берген.

 

 

 

Жанылыктар